Ысык-Көлдө Корумду – Балбай жолунун курулушу башталды

Ысык-Көлдө Корумду – Балбай жолунун курулушу башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, айланма трасса төрт тилкелүү болот жана тротуар, веложол да каралган.

 

Долбоордун жалпы баасы 111 миллион доллардан ашат. Каражатты Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору берет. Мамлекеттик бюджеттен да акча бөлүнгөн.

 

Корумду – Балбай жолунун курулушу 2025-жылы аяктайт деп пландалууда.