Баткенде зыян тарткан мектептерде окуу мүмкүн эмес

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам Баткенде ондогон мектеп жабык турат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймактарында жайгашкан 26 мектеп, 30 бала бакча, Баткен районундагы сегиз мектеп жана бир бала бакчада, Баткен шаарындагы бардык мектептерде окуу процесси баштала элек.

Ал кошумчалагандай, Баткен районундагы сегиз мектептин жана бир бала бакчанын терезелери, чатырлары талкаланган.

Лейлекте канча мектеп зыян тартканы тактала элек.

Маалыматка ылайык, чек арадагы куралдуу кагылышууда мугалимдер дагы жабыркаган.

Алар учурда дарыланууда, — деди чиновник.