Кемин районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Кемин районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, борбордун жалпы аянты 1 миң 100 чарчы метрден ашат.

 

Күтүү залы 70 кишиге чакталган. Борбордо райондун тургундарына паспорт, нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жерри боюнча маалымкат, кайра каттоо жана башка бир катар документтерди алуу боюнча кызматтар көрсөтүлөт.