Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар кайрадан күч алууда. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаметинен билдиришкендей, соңку бир жума ичинде 6 миң 377 бейтап медициналык жардамга кайрылды, бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 6,5 пайызга көп.
Бардык мектептер кадимки тартипте иштеп жатат. Оору боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүүдө.
Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ооругандардын бир күндүк көрсөткүчү 9 миңден ашкан.