Нарын облусунда да бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

Нарын облусунда да бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу  Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча комендант

Уланбек Аалиев билдирет. Анын айтымында, чектөөлөр боюнча

билим берүү мекемелерине тапшырмалар берилди. Буга чейин

Ошто да 10 жана 20 жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган.