Кыргызстанга автогаз жеткириле баштады

Кыргызстанга автогаз жеткириле баштады. Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагында отундун жетишсиздиги боюнча суроо толугу менен ушул жумада чечилиши керек.

 

Эске салсак, өткөн аптада өлкөнүн айрым май куюучу станцияларында автогаз түгөнө баштаса, кээ бирлеринде узун кезектер орун алган. Дефициттин себеби Казакстанда отунга баалар жогорулаганында.