Кыргызстанда унааны өлкө аймагына киргизүүдө түтүн чыгаруу системасын милдеттүү текшерүүнү киргизүү сунушталды

Кыргызстанда унааны өлкө аймагына киргизүүдө түтүн чыгаруу системасын милдеттүү текшерүүнү киргизүү сунушталды. Мындай демилгени Экономика министрлиги көтөрдү.

 

Планга ылайык, машинелер текшерилгенден кийин гана каттоого алынат. Ведомсто муну республикадагы унаалардын басымдуусунун эскилиги жеткени менен түшүндүрдү.

 

Алар чыгарган газ ордо калаа экологиясына залакасын тийгизүүдө. Демилге коомдук талкууга чыгарылды.