Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын кыргыз-өзбек тараптын биргелешип башкаруусу жөнүндө келишим Жогорку Кеңеште колдоо тапты

Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын кыргыз-өзбек тараптын биргелешип башкаруусу жөнүндө келишим Жогорку Кеңеште колдоо тапты. Депутаттар мыйзам долбоорду 3 окууда жактырды. Эл өкүлдөрүнүң 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.

 

Келишимге ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам  кирген биргелешкен комиссия башкарат.

 

Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.