Кыргызстанда ар бир жаран 10 бак отургузууга милдеттендирилет

Кыргызстанда ар бир жаран 10 бак отургузууга милдеттендирилет.

 

Өлкө бийлиги “Жашыл Кыргызстан” мамлекеттик программасын иштеп чыгууда, анда ар бир жаран 10дон кем эмес бак тигиши керек деген талап бар.

 

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, жазында адистер көчөттөрдүн түрүн, алар кайда тигилиши керектигин аныктайт. Долбоорду каржылоого чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар тартылышы мүмкүн, — деди Кутманова.