Ушул жумада чоң футбол майрамы башталат — дүйнө чемпионаты. Мундиаль биринчи ирет араб өлкөсүндө – Катарда өтөт. Биринчилик 3 күндөн кийин, 20-ноябрда Катар-Эквадор курамаларынын беттеши менен старт алат.
Ал эми финалдык оюн 18-декабрга белгиленди. Дал ошол күнү Дүйнөнүн футбол боюнча жаңы чемпиону аныкталат. Чемпионаттын тобу “аль-рихла” деп аталып, араб тилинен “саякат” дегенди түшүндүрөт.