Кыргызстанда көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 25 сомго арзандады.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка караганда,
9-январда эң жогорку баа Ноокатта катталып, кара отундун тоннасы 7,5 миңден ашты.
Ошондой эле Баткенде 7 мин 300дөн сатылууда. Ал эми өлкөдө минималдуу баа Балыкчыда,
бул жерде көмүрдүн тоннасы 3 миң 700, Нарында жана Чаекте 3,5 миң сомдон сатылууда.