Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды. “Электр станциялары” компаниясынын маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, кыйла аз болууда.

 

Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында 16 миллиард 400 миллион кубометр суу бар. Нымдуулуктун чыгашасы келген суунун көлөмүнөн 3 эсе көп болууда. Ал эми энергетиктер ишендиришкендей, электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт.