Киев шаарында өзгөчө вакансия жарыяланды

Киев шаарында өзгөчө вакансия жарыяланды. Кызмматкер жетекчинин тамашаларына күлүшү керек болот.

 

Тактап айтканда, ал жумушчулардын чатында же кеңешмелерде дайыма жетекчинин тамашаларына күлүүгө даяр болушу керек.

 

Бул үчүн талапкерлерден резюме эмес, күлкүсүнүн жазуусу талап кылынат.

 

Жарыяда жазылгандай, компаниянын башчысы анын тамашаларын кызматкерлер түшүнбөгөнү аны капаланткандыктан, ал анын тамашаларына күлгөн кызматкерди издөөгө аргасыз.