Кыргызстандагы медициналык мекемелерге мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек сатып жүргөн фармацевтикалык компания аныкталды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиненен билдиришкендей, дарылардын арасында балдарга керектелчү медициналык каражаттар дагы болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ишкана жабылды. Компаниянын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы эсептелип жатат.