Кыргызстанда эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты

Кыргызстанда эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты. Бул тууралуу 24 агенттигине Эмгек министрлигинен билдиришти.

 

Документте көптөгөн пункттар каралды, анын ичинде жеке гигиена жана жумуш ордунан баштап, оргтехниканы колдонуу эрежелери дагы жазылган. Ал ушул жылы кабыл алынат деп күтүлүп жатат.

 

Программага баа берүү үчүн ведомство эл аралык эксперттерди тартты.

 

Программаны ишке ашырууга бюджеттик каражат көп талап кылынбайт, бирок жумуш берүүчүлөр иш орундарын тиешелүү түрдө жабдуу үчүн каржылык салым жасашы керек болот.