Кийинки жылы Кара-Балтадагы килем фабрикасын ишке киргизүү пландалууда

Кийинки жылы Кара-Балтадагы килем фабрикасын ишке киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу инвестиция министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор менен бардык макулдашуулар жетишилди, учурда иштерге

400 миң доллар багытталды. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 25 миллион доллар.

Өндүрүштүн ишке кириши менен жаңы 1 миң жумуш орду түзүлөт. Фабрика текстилдик

кластер болот, анын алкагында жаңы продукция чыгарылат жана алар экспортко кое берилет.