Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Райондук администрациядан билдиришкендей, Масалиев атындагы билим берүү

мекемеси 275 орунга чакталды жана анда окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп,

керектүү эмерек, жабдуулар менен камсыздалды. Эске салсак, буга чейин

Баткендеги 8 социалдык объекттин курулушуна жана ондоп-түзөө

иштерине республикалык бюджеттен 250 миллион сом бөлүнгөн.