Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8 пайызга арзандады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 24-декабрга карата
бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 миң 210 сомду түздү. Анын ортосунда
өлкө боюнча көмүргө болгон эң жогорку баалар Ноокатта — 7 миң 764 сом,
Баткенде — 7 миң 600 жана Кара-Сууда тоннасы 7 миң сомго барабар.
Ал эми эң арзан көмүр Чаек айылында — бир тоннасы 3 миң сомдон,
Балыкчыда — 4 миң сом болсо, Нарында – 4 миң 450 сомдон сатылууда.