Бишкекте коомдук транспорт санитардык талаптарды аткаруусуна текшерилип жатат

Бишкекте коомдук транспорт санитардык талаптарды аткаруусуна текшерилип жатат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, унаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керек.

 

1-июндан тартып 2 миң 632 маршрут, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен  217 унаага санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 370 миң 500 сом айып салынды, — дешти мэриядан.