Кыргызстанда маданият кызматкерлерине батирлер берилет

Кыргызстанда маданият кызматкерлерине батирлер берилет. Маданият министрлиги жана курулуш компаниялардын бири ортосунда турак-жайды куруу жана тапшыруу боюнча макулдашуу жетишилди.

 

Тагыраак айтканда, компания ар бир курган объектинен 1 бөлмөлүү батир бөлүп берет. Бул программа 3 жылга созулат. Ал эми министрлик турак-жайга муктаж болгондордун тизмесин даярдоо боюнча атайын комиссия түзөт.

 

Артыкчылык көп балалуу үй-бүлөлөргө, балдарын жалгыз тарбиялап келген аялдарга жана эл аралык фестивалдарда жеңишке жеткендерге берилет.