Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, 16-17-май күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 35-40 градуска чейин ысышы мүмкүн.
Таласта 22-38 градуска жетиши ыктымал.
«Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда сак болуу, күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу зарыл», — деп айтылат маалыматта.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



