Баткенде мөндүр аралаш жаан жаап, эгин жерлерди сел суулары каптады

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жааган жаандан улам И. Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасынын жана бир турак үйдүн короосуна суу толгон.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, материалдык чыгым жана жабыр тарткандар болгон жок.

Ал эми Баткен районунун Таян айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, бир чакырымга жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү, 10 гектарга жакын эгин талааларын сел суусу каптаган. Болжол менен 1 км арык кум, шагылга толгон.

Жеринде аймактык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.