Кара-Көл шаарында «Жеңиш» аллеясы оңдоп-түзөөдөн өттү.
Эс алуу аянтчасында согуш катышуучуларынын элесине карата айкел орнотулду.
Анын кире беришинде улуттук колоритти чагылдырган боз үйдүн элементтери менен
конструкция жасалды. Курулуш иштерине жалпысынан 3 миллион 800 миң сом сарпталды.
Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.