Төртүнчү турдун жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга 18 миңден ашык абитуриент кабыл алынды

Окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү турунун жыйынтыгы менен 18 миңден ашык абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Анын айтымында, гранттык окутууга 5 миң 12 бала, акы төлөө келишими боюнча 18 миң 87 абитуриент кабыл алынды. Өлкөдө жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үч туру тең аяктап, гранттык жана контракттык бош орундар калгандыктан дагы бир сынак жарыяланган.