Ошто 8 социалдык дүкөн ачылат

Ошто 8 социалдык дүкөн ачылат. Бул тууралуу түштүк калаанын мэри Алмаз Мамбетов биодирди. Анын айтымында, соода аянттары экиге бөлүнүп, биринде эт, экинчисинде башка керектүү азыктар сатылат.

 

Социалдык дүкөндөрдө товар базар баасынан 10-15 пайызга арзан сатылышы керек. Анткени, фермер-дыйкандар менен түздөн-түз келишим жетишилет. Мэр белгилегендей, Ошко материалдык резервдер фондунан кумшекер жана өсүмдүк майы жеткирилип, 70 жана 130 сомдон сатылат.