Ошто санэпидкөзөмөлдүн директору кармалды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин директору (“О.С.М.”) 9-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып кармалды.

 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөп контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин так аткарган эмес.

 

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.