Өкмөт былтыр чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүгө 349 миллион сом жумшады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчетунда билдиргендей,
каражаттын басымдуу бөлүгү Баткен облусуна бөлүндү. Мамлекеттик программаларды
аткаруунун алкагында Кулунду — Арка, Ак-Сай — Тамдык, Ак-Сай — Рават жана
Көк-Сай — Ак-Таш жолдоруна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, 4 бала бакча,
1 ФАП, 1 спорт зал жана мектеп курулуп жатат. Ошондой эле кыргыз-өзбек
чек арасынын 23 чакырым жерине зым тартылды, — деди Абылгазиев.