Жергиликтүү шайлоодо талапкер 500 миң сомдон ашык корото албайт

Жергиликтүү шайлоодо талапкер 500 миң сомдон ашык корото албайт.

 

БШК шайлоо фонддоруна атайын эсептерди ачуу жана айрым жергиликтүү кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоочу банк мекемелерин аныктады.

 

Саясий партиянын шайлоо фондунун эсебиндеги чыгымдарынын максималдуу өлчөмү 5 миллион сомдон ашпашы керек.

 

Белгилеп кетсек, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо 10-апрелде өтөт.