Өкмөт тарабынан мамлекеттик ишканаларга көзөмөл күчөтүлөт

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишин талкуулаган жыйын өткөрдү. Анда акционердик коомдор үчүн бирдиктүү отчеттуулук формасын иштеп чыгуу жана бекитүү, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында жана II кварталда республикалык бюджеттин аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланганын кабарлады. Бирок киреше жана чыгашасы көп компанияларды атаган жок.

Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду (Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик болуп кайра түзүлгөн — ред.) чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюла турганын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, былтыр жарым жылда жылда казынага мамлекеттин үлүшү бар компаниялардан 6,5 млрд. сом түшкөн, ал эми мамлекеттик ишканалардан бир млрд. сом табылган. 2021-жылымамлекеттин үлүшү бар ишканалар бюджетке 11 млрд. сом которгон, ал эми мамлекеттик ишканалар 2 млрд. сом таза пайда беришкен.