Ноокатта 100дөн ашык жаранга кызыл китеп тапшырылды

Ноокат районунда 104 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 мин 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга мүмкүндүк берген кызыл китепке ээ болушту.

 

Белгиленгендей, Ош облусунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому жигердүү ишке ашырылууда.