Ысык-Көл облусунда инфекциялык оорукананын курулушу уланууда

Ысык-Көл облусунда инфекциялык оорукананын курулушу уланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Медициналык жайдын биринчи, экинчи блокторунда иштер аткарылып, аларда бейтаптар дарыланып жатат.

 

Ал эми үчүнчү блоктогу жумуштар жакынкы арада аяктап, ал дагы колдонууга берилет. Оорукана 60 орундуу болсо, анын ону кайра жандандыруу бөлүмү болот.