Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады. Кожоев буга чейин президент аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары болчу.
Ал эми облусту буга чейин жетектеп келген Элчибек Жантаев өз арызы менен иштен бошотулду.
Ал бул кызматка былтыр ноябрда дайындалган.