Ошто коомдук транспорттун бардык түрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилди

Ош шаардык мэриясында коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду.

Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

«Бул системанын негизги максаты — шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландай алат, анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пункттарын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул система коомдук транспорттун ишин уюштуруучу тиешелүү кызматтарга кичи автобустардын тейлөөсүнө жана сандык абалына күн сайын мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.