Кыргызстанда “Жеке жардамчы” системасы боюнча төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү пландалууда.
Бул тууралуу Novosti.kgге Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Айына азыркыдай 4 миң 900 эмес, 6 миң 300 сом болоору күтүлүүдө.
Болжол менен жаңы эсептөөлөр боюнча төлөмдөр 1-июндан тарта башталат.
Эске салсак, “Жеке жардамчы” кызматы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында 2019-жылы киргизилген.