Конституциялык сот шайлоо күрөөсүнүн көптүгү жөнүндө арызды карайт

Конституциялык сот «Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү арызды өндүрүшкө кабыл алынды. Анда сотко Жакшылык Кадыров аттуу адам кайрылганы белгилүү болду.

«Шайлоо тууралуу мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнө ылайык, талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт. Кадыровдун пикиринде, мындай жагдай социалдык теңсиздикти жаратып, шайлоо күрөөсүн төгө албагандарды түздөн-түз басмырлоо болуп саналат. Анын айтымында, өлкө жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызматтан көтөрүлүүдө бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ деп караштырган Конституциянын ченемдерине карабастан, Жогорку Кеңештин депутаты катары талапкер болууга шайлоо күрөөсүнүн өтө чоңдугу тоскоол жаратууда. Кадыров талашылып жаткан ченемдик жоболорду Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт»,-деп жазылган маалыматта.

Азыркы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештеги шайлоого катышууда партиялардын шайлоо күрөөсү 1 миллион сомду түзөт. Бир мандаттуу округдардан шайлоого катышкандар болсо күрөөө 100 миң сом коет.