Тышкы иштер министрлиги Россиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун эскертет

Тышкы иштер министрлиги Россиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун эскертет.

 

Ага ылайык, кыргызстандыктар ушул жылдын октябрь айынан тартып Россияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук форматта жөнөтө алат.

 

Ал үчүн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында” жеке кабинети болушу керек. Андан тышкары, электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.