Ош облусунда быйыл “социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2 миң   612 адам 100 миң сомдон алды

Ош облусунда быйыл “социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2 миң   612 адам 100 миң сомдон алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев билдирди.

 

Анын айтымында, каржылык колдоо алгандар мал чарбачылыгы, кийим тигүү, соода, дыйканчылык жана тейлөө багытындагы чакан ишкерлик жүргүзүп жатат.

 

Эске салсак, долбоордун катышуучулары “Үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алгандардын арасынан тандалып алынат. Аларга  жакырчылыктан чыгуу үчүн 100 миң сомдук сертификат берилет. Учурда долбоор өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү ишке ашууда.