20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоолор толугу менен жокко чыгарылды

20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоолор толугу менен жокко чыгарылды. Жогорку сот парламенттик шайлоону кайра өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын апелляциялык арызын карабай, артка кайтарды.

 

Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди. Жогорку соттон түшүндүрүшкөндөй, буга кассациялык даттануунун мөөнөтү өтүп кеткени себеп болду.

 

Эске салсак, БШК кайра шайлоолордун 20-декабрга белгилеген. Бирок Садыр Жапаров конституцияны өзгөртүү ниетинде, шайлоолорду жылдыруу чечимин кабыл алган.