“Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштагандан бери айдоочуларга  2 миллиондон ашык протокол жазылды

“Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштагандан бери айдоочуларга  2 миллиондон ашык протокол жазылды. Алардын жарымынан көбү төлөндү, — деп билдиришти Ички иштер министрлигинен. Жалпысынан, айдоочулардан айып катары 1,5 миллиард сом чогулду.

 

Белгилеп кетүүчү нерсе, бул сумманын    435 миллион сому камераларды орноткон компанияга берилет, калганы респбликалык бюджетке багытталат. Эске салсам, “Коопсуз шаар” долбоору  2019-жылдын март айында ишке кирген.