Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна мөөнөткө чейин үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат

Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна мөөнөткө чейин үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов эскертет. Анын айтымында, эреже бузулса, талапкерлер жакрыштан четтетилиши да мүмкүн.

 

Эске салсак, агитацияны баштоо мөөнөтү ар кандай болот. Алсак, шаардык кеңештер шайлоого чейинки үгүт жүргүзүү кампаниясын 12-мартта баштаса, айыл кеңештерине агитация 22-мартта старт алат. Шайлоолордун өзү 11-апрелге белгиленди.