Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 18 жашка толгон жарандар аскердик каттоонун биринчи бөлүгүнө алынды.

 

Жалпысынан 3 миңден ашык улан чакырылды. Алар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук комитетинин жана Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын бөлүмдөрүндө кызмат өтөйт.