Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилигине Таштанбек Каймазаров келди. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Белгилеп кетсем, ал “Мекенчил” партиясынан парламентке депутат болчу. Миграция кызматын жетектеп келген Болотбек Ибраимжанов кызматынан бошотулду.