Отставкага кеткен чиновниктердин саны өсүүдө

Отставкага кеткен чиновниктердин саны өсүүдө. Эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов кызматтан кетүү арызын жазды. Бул маалыматты өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.

 

Ушуну менен Абдрахманов иштен өз каалоосу менен кеткен төртүнчү облус жетекчиси болду. Буга чейин өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Эмилбек Алымкулов, Марат Мураталиев жана Балбак Түлөбаев кызматын тапшырышты.