Курсан Асанов кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы массалык башаламандык уюштуруу фактысы менен Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

 

«Массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп, Курсан Асановду кармады», — деп айтылат маалыматта.

 

Эске сала кетсек, буга чейин УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаган. Мындан сырткары, Фарид Ниязовду дагы колго түшүргөн.