Коргоо министри болуп Бактыбек Бекболотов дайындалды

Коргоо министри болуп Бактыбек Бекболотов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Буга чейин Бекболотов Улуттук Гвардияда, Панфилов дивизиясында жана “Бишкек машина куруу” заводунда эмгектенген.

 

Дагы бир жарлыгы менен Садыр Жапаров Коргоо министри кызматынан Таалайбек Өмүралиевди бошотту.