Кыргызстанда дефолт коркунучу жок

Кыргызстанда дефолт коркунучу жок. Буга Каржы министри Кыялбек Мукашев ишендирүүдө. Анын айтымында, бул жылдын бюджети кабыл алынып жатканда, милдеттүү чыгашалар үчүн каржы булактар каралган.

 

Кеп стипендия, пенсия, айылктарды берүү жана мамлекеттик карызды тейлөө тууралуу болуп жатат. Мукашев белгилегендей, Соцфонддо каражат жетишсиз болгон учурда, мыйзам чегинде мамлекеттик бюджеттен акча бөлүп берүүгө уруксат берилет.