Ошто өсүмдүк майы арзандап баштады

Ошто өсүмдүк майы арзандап баштады. “Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, сентябрдын башынан бери пахта майынын бир литри 30 сомго, ал эми күн карама майы 20 сомго арзандады.

 

Андан тышкары, түштүк калаада жүгөрү жана буудайдын баасы 3-5 сомго төмөндөдү.

 

Учурда жүгөрүнүн килограммын Оштун тургундары 28 сомго, ал эми буудайды 30 сомго алышууда. Адистер муну түшүм жыйналып жатканы менен түшүндүрүшүүдө.