Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу.
Бул тууралуу Бишкек комендатурасынан билдиришти. Маалыматка караганда,
вирустун алын алчу иш-чаралар аяктагандан кийин көчөлөр ачылат.
Белгилеп кетсек, буга чейин ордо калаанын айрым аймактары тосулуп,
унаалар өткөрүлбөй жатканын билдиргенбиз. Учурга карата Ахунбаев — Бакаев,
Ахунбаев — Токтоналиев, Медеров – Жукеев — Пудовкин, 7-апрель — Чүй проспекти
көчөлөр кесилиши жабылды. Милиция кызматкерлери унааларды өткөрбөй,
тилкени айланып өтүүнү суранышууда.