Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу башталды.
Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, Келдибек Каримов атындагы
орто мектебинин жаңы корпусуна капсула салуу иш-чарасы болду.
Долбоордун жалпы суммасы 71 миллион 200 миң сомду түзөт. Белгилеп кетсек,
буга чейин 190 орундуу билим берүү мекемесинде 600дөн ашык окуучу билим алып келген.