Коронавирус менен күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен 886 миллион сом бөлүндү

Коронавирус менен күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен 886 миллион сом бөлүндү.

Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка караганда,

Саламаттык сактоо министрлигине 30 миллион сом, Өзгөчө кырдаал

министрлигинин эсебине 225 миллион сом жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого

631 миллион сом бөлүнгөн. Штабтан белгилешкендей, каражатка зарылчылык жаралса,

мерчемдүү суммалар дагы бөлүнөт. Белгилеп кетсек, учурда коронавирус

менен күрөшүүгө ачылган эсеп 9 миллион сомго толукталды.